Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында борттогу он адамдын бирөө да тирүү калбаганы жазылган.
Мекеме каза тапкан жети жүргүнчүнүн жана экипаждын үч мүчөсүнүн аты-жөнүн жарыялады. Пригожин менен Уткинден башка тизмеде Сергей Пропустин, Евгений Маркарян, Александр Тотьмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев жана экипаждын үч мүчөсү болгон. Валерий Чекалов Пригожиндин түзүмдөрүнүн биринин жетекчиси, бир катар медиа каражаттары ал "Ровер" деген каймана ат менен таанымал болгонун жазууда.
Учак кулаган жерде табылган 10 кишинин сөөгү катуу күйүп калгандыктан, азырынча алар тааныла элек. "Интерфакс" агенттиги аймакта издөө-куткаруу операциясы аяктагынын билдирди.
Учак кулап баратканда тартылган видеону "База" жана Mash Телеграм-каналдары жарыялады.
Самолёт калктуу конушка кулаган. Жеринен жарыяланган сүрөттөрдө борттун капталындагы RA-02795 деген жазууну көрүүгө болот. Бул "Вагнердин" башчысына таандык бизнес-жеттин номери. Пригожин бул учак менен "Вагнердин" козголоңунан кийин Беларуска учуп барган.
Учак кулаган жердин да бир видеосу жарыяланды.
Учактын кулап түшүүсүнүн себептери тууралуу азырынча расмий комментарий берилген жок. Телеграм-каналдарда жана ЖМКда "бортто жарылуу болгон, учакты абадан коргоо күчтөрү атып түшүргөн" деген ар кандай божомолдор айтылууда.
Ал арада иликтөө башталганы, "Аба транспортунун коопсуздук жана эксплуатация эрежелеринин бузулушу" деген берене менен иш козголгону кабарланды.
Пригожинге караштуу түзүмдөр да окуя боюнча комментарий бере элек. "Вагнерге" байланыштуу Grey Zone каналы учакты "абадан коргонуу күчтөрү" атып түшүргөнүн билдирди.
Flightradar сайтынын маалыматында Москвадан чыккан учак Тверь облусуна келгенде радардан дароо жоголуп кеткен. Бул учак бийикте баратканда болгон. Учкучтар кырсыкка кабылганы тууралуу маалымат берген-бербегени белгисиз.
Орусия басып алган Запорожье облусунунун администрациясынын чиновниги Владимир Рогов "Вагнердин" өкүлдөрүнө таянып, Пригожин жана Уткин бортто болгонун, экөө тең өлгөнүн билдирген. Пригожин бортто болгонун "Фонтанка", Ксения Собчак жана BRIEF Телеграм-каналы да жазууда.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эдриен Уотсон Вашингтон авиакырсык тууралуу кабардар болгонун жана Пригожин бортто болсо "эч ким таң калбашы керектигин" билдирди. Пригожин тууралуу суроого АКШ президенти Жо Байден дагы жооп берди. Ал "Вагнердин" жетекчиси эмне болгонун билбей турганын, эгер ал каза тапса бул кабарга таң калбасын айтты.
Журналист Андрей Захаров ишенимдүү булактарга шилтеме берип, Пригожин жана "Вагнердин" жетекчилиги Орусияга Африкадан учуп келгенин билдирүүдө.
Июнь айында Пригожин жетектеген "Вагнердин" жоочулары Москвага куралдуу жүрүш уюштуруп, орус бийлиги муну козголоң катары сыпаттаган. Жалданма жоочулар орусиялык армияга таандык бир нече тик учакты жана согуштук учакты атып түшүргөн.
Кийин Пригожинге каршы козголгон кылмыш иши жабылып, сүйлөшүүлөрдөн соң "вагнерчилер" Беларуска кеткен.
21-августта Пригожин интервью берип, Африкада жүргөнүн жана "Вагнерге" жаңы жоочуларды тартуу иши жүрүп жатканын билдирген.
Евгений Пригожин - мурда абакта жатып чыккан, Петербургдагы ресторан бизнесин Кремлдин кирешелүү келишимдерине чейин жеткирген Путиндин жакын адамдарынын бири. Мындан улам ал "Путиндин ашпозчусу" деген атка конгон. "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясын Дмитрий Уткин экөө негиздеген. Сирияда "Вагнердин" жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары менен таанылган. Орусия Украинага кол салгандан бери Пригожиндин ысымы медиадан түшпөй, негизги фигурага айланган.