Ссылки доступа

Өзбекстанда Орусиянын "Мир" карталарын тейлөө убактылуу токтотулду


Өзбекстанда Орусиянын "Мир" төлөм системасынын карталарын тейлөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Uzcard – Бирдиктүү жалпы улуттук процессинг борборунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө орус банктары чыгарган "Мир" карталарын тейлөө техникалык себептерден улам токтотулганы белгиленген.

"Өзбекстандын аймагында Uzcard – "Мир" кобейджинг карталары штаттык режимде иштеп жатат. Бирок чет өлкөлөрдө иштеген жок", – деп жазылган билдирүүдө.

Социалдык түйүн колдонуучулары Өзбекстанда "Мир" карталарын пайдаланууда көйгөйлөр болуп жатканын бир нече күндөн бери жазып жатышкан. 21-сентябрда Uzcard орусиялык төлөм системасынын карталарын кабыл алууну улантып жатканын билдирген.

12-сентябрдан тарта Өзбекстандагы "Капитал" жана "Ипак Йули" банктары чет өлкөлүктөргө эсеп ачуу жана банк карталарын берүү шарттарын катаалдаткан. "Капитал" банк мындан ары банк карталары "студент", "расмий ишке орношкон" жана "Өзбекстанда 15 күндөн көп убакыт жүргөн" деген категорияларга туура келген чет өлкөлүктөргө гана берилерин билдирген. "Ипак Йули" чет өлкөлүктөр эсепти банктын Ташкенттеги башкы кеңсесинен гана алса болорун кабарлаган.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизип, чектөөлөргө орус банктары да туш болгон. Орусиялыктар башка өлкөлөрдө орус банктарынын карталары менен төлөө жана чет өлкөлүк төлөм кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Мындан улам Орусия жарандарынын көбү санкцияларды кыйгап өтүү үчүн КМШ өлкөлөрүнүн жана Түркиянын банктарынан карта ачтыра башташкан. Алар үчүн "карта туризминин" негизи багыты Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп калган.

Видео

XS
SM
MD
LG