Ссылки доступа

Улуу Британиянын жаңы министрлер кабинети түзүлдү


Улуу Британиянын ханыщасы Елизавета II жана премьер-министр Лиз Трасс. Сентябрь 2022-жыл
Улуу Британиянын ханыщасы Елизавета II жана премьер-министр Лиз Трасс. Сентябрь 2022-жыл

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Элизабет Трасс башында турган жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Трасс Консервативдик партиянын лидерлиги үчүн болгон жарышта жеңишке жетип, 6-сентябрда өлкөнүн премьер-министри кызматына киришкен.

Элизабет Трасс буга чейин Улуу Британиянын тышкы иштер министри болуп иштеген. "Би-Би-Си" анын ордуна бул кызматка Жеймс Клеверли дайындалганын кабарлады.

Трасс партиянын лидерлиги үчүн болгон жарыштын жүрүшүндө мурдагы премьер-министр Борис Жонсондун курсун улантууну жана Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүүдө Киевге жардам берүүнү убадалаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Трассты жаңы кызматка киришкени менен куттуктап, аны өлкөгө келип кетүүгө чакырды. Даунинг-стриттин басма сөз катчысы Улуу Британиянын премьер-министри бул чакырууну кабыл алганын билдирди.

Коргоо министри Бен Уоллес – жаңы өкмөттө өз ордун сактап калган саналуу министрлердин бири болуп калды. Ал бул кызматта 2019-жылдын июль айынан бери иштеп келет. "Би-Би-Си" андан бери Уоллес Украина маселеси боюнча жүргүзгөн саясаты үчүн британ жарандарынын колдоосуна ээ болгонун жазды.

Улуу Британиянын жаңы ички иштер министри болуп Суэлла Браверман дайындалды. Буга чейин ал башкы прокурор кызматында иштеген. Браверман жаңы кызматында юридикалык маселелерге кабылган мигранттарды Руандага депортациялоо боюнча өкмөттүн планын иштеп чыгышы керек болот.

Буга чейин бизнес иштери боюнча министр болуп иштеген Квази Квартенг Каржы министрлигине башчы болуп дайындалды. Квартенг шамалдын, күндүн энергиясы жана өзөктүк энергетика сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын активдүү колдойт. Жаңы өкмөт калктын электр энергиясы үчүн болгон карызын төлөөгө жардам катары бир нече миллиард доллар бөлөт деп күтүлүүдө. Квартенг Трасстын жакын санаалашы жана курбусу катары белгилүү.

Жаңы премьер-министрдин дагы бир көптөн берки саясий тарапташы Саффолк Коутал саламаттык сактоо министри жана вице-премьер кызматтарына дайындалды.

Элизабет Трасс премьер-министр кызматы үчүн болгон шайлоодо Консервативдик партиянын мүчөлөрүнүн 57,4% добушун алган. Анын атаандашы Риши Сунак үчүн консерваторлордун 42,6% добуш берген.

XS
SM
MD
LG