"Каракалпак мамлекеттик университетинин "филология: түркмөн тили" бөлүмүнө 25 орун бөлүндү", - деп жазды басылма.
Маалыматта мындан тышкары Нукус педагогикалык институтунда "Башталгыч билим берүү" адистиги боюнча 10 орун, "Түркмөн тили жана адабияты" багыты боюнча 25 орун бөлүнгөнү белгиленген.
Былтыр Өзбекстандын ЖОЖдору окуу түркмөн тилинде жүргүзүлгөн түрдүү адистиктерге 79 квота бөлүшкөн. Бирок 17 орун бюджеттик, калганы акы төлөнүүчү негизде болгон. Мындан тышкары Каракалпак мамлекеттик университети түркмөн тилиндеги түрдүү адистиктер боюнча магистратурага 20 квота бөлгөн. Алардын төртөө бюджеттик болсо, калган 16сы келишимдик негизде кыбыл алынган.
Бул арада Түркмөнабаддагы Сейитназар Сейди атындагы педагогикалык институттун мугалими Түркмөнстандагы улуттук азчылыктардын эне тилинде билим алуу укуктары чектелгенин белгиледи.
"Өлкө бийлиги көп жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан "түркмөндөштүрүү" саясаты этникалык азчылыктарды эне тилинде билим алуу укугунан гана эмес, көптөгөн маданий укуктарынан да ажыратты", - дейт мугалим.
Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, Каракалпакстан автоном республикасында эле 100 миңден ашуун этникалык түркмөн жашайт.
Коңшу республикадан айырмаланып, Түркмөнстан өкмөтү өлкөдө жашаган этникалык азчылыктардын, анын ичинде өзбектердин саны тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбайт. Өткөн жылдын март айында Daryo.uz сайтында жарыяланган маалымат боюнча, ал кезде Түркмөнстанда 300 миңдей этникалык өзбек жашаса, Өзбекстандагы этникалык түркмөндөрдүн саны 200 миңди түзгөн.