Ссылки доступа

Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге кол салуу болду


Жапониянын батышындагы Нара шаарында белгисиз киши мурдагы премьер-министр Синдзо Абэге кол салды. Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилди.

Полиция өкүлү саясатчынын жүрөгү бир саамга токтоп калганын айтты.

Токионун мурдагы губернатору да ушундай эле сөз айкашын колдонду.

"Би-Би-Си" Жапонияда "өлүм расмий түрдө тастыктала элек маалда ушундай термин колдонуларын" жазды. Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида мурдагы өкмөт башчынын абалы "өтө оор" экенин билдирди.

NHK телеканалынын кабарчысы жеринен маалымдагандай, Абэ Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгү алкагында өзү мурда жетектеген Либералдык-демократиялык партияны колдоп сүйлөп жаткан. Белгисиз киши ошол маалда анын далысына эки жолу аткан. Жаракат алган саясатчы кансырап, эс-учун жоготкон.

Абэни ооруканага тик учак менен жеткиришкен.

Кол салган киши Нара шаарынын 41 жаштагы тургуну Тэцуя Ямагами экени белгилүү болду. Ал киши өлтүрүү шеги менен кармалды. Мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз. Жергиликтүү басылмалар Тэцуя Ямагами Жапониянын деңиз күчтөрүнүн мурдагы кызматкери экенин жазууда.

67 жаштагы Синдзо Абэ премьер-министрликтен 2020-жылы кеткен. Бирок Жапониянын башкаруучу Либералдуу-демократиялык партиясынын таасирдүү өкүлү бойдон калган.

XS
SM
MD
LG