Ссылки доступа

Ереванда автожүрүшкө катышкан 90дон ашык айдоочу кармалды


16-майда Армениянын баш калаасы Ереванда автоунаа жүрүшүнө катышкан кеминде 91 киши кармалды.

Армян полициясы айдоочулардын көбү "Раздан" спорт стадионунун айланасына чогулганын билдирип, аларды "жол тыгындарын жаратуудан оолак болууга" чакырды. Буга чейин армян оппозициясы өкмөткө каршы нааразылык акцияларын 17-майда жанданта турганын жарыялаган.

Арменияда мындай нааразылык акциялары 17-апрелден бери утур-утур өткөрүлүп келет. Армян оппозициясы премьер-министр Никол Пашиняндын өкмөтүн Тоолуу Карабакка байланыштуу сүйлөшүүлөрдө Азербайжан тараптын кабыл алынгыс талаптарына макул болду деп айтып жатат.

6-апрелде Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев Брюсселде Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Анын жыйынтыгында Ереван менен Баку эки тараптуу "тынчтык келишиминин" долбоорун даярдоого киришүүнү жана чек араны демаркациялоо боюнча бирдиктүү комиссия түзүүнү макулдашканы кабарланган.

Расмий Баку тынчтык келишиминде эки өлкөнүн бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таанышы сыяктуу беш элемент эске алынышы керектигин талап кылган. Пашинян Ереван бул шарттарды жалпысынан кабыл алышы мүмкүндүгүн билдирген.

Бирок армян оппозициясы Пашинянды Азербайжандын Тоолуу Карабакка ээлик кылуу укугун тааныды деп сындап чыккан.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабактагы 2020-жылдын күзүндө болгон бир нече апталык согуштан бери тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп келет.

XS
SM
MD
LG