Маектештердин айтымында, Евробиримдик элчилеринин 7-сентябрда Брюсселде өткөн жолугушуусунда Венгриянын өкүлдөрү орус бизнесмендерине каршы киргизилген санкциянын дагы жарым жылга узартылышын колдоого даяр экенин билдиришкен.
Буга чейин Венгрия Европа биримдигинен санкциялык тизмеден орусиялык бизнесмендер Алишер Усмановду, Петр Авенди жана Виктор Рашниковду чыгарууну өтүнгөнү кабарланган.
Усманов менен Авен кремлчил олигархтар катары эсептелип келет. Евробиримдик алар Орусиянын президенти Владимир Путин менен тыгыз байланышта деген пикирде.
Виктор Рашников Орусиядагы эң ири салык төлөөчү. Ал "Магнитогорск металлургиялык комбинатынын" ээси катары санкцияга кирген.
Москвага карата санкцияларды узартуу чечими 15-сентябрга чейин кабыл алынышы керек. ЕБдин кара тизмесинде 1200 жеке адам жана 100дөн ашуун компания бар.