Ссылки доступа

Татарстандын Жогорку соту Алсу Курмашеваны камакта калтырды


Алсу Курмашева
Алсу Курмашева

Татарстандын Жогорку соту бүгүн, 12-декабрда "Азаттыктын" татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашеваны тергөө абагында калтырды.

Отурум видеобайланыш аркылуу өттү. Журналисттин жактоочусу ага камакка алууга байланышпаган баш коргоо чарасын белгилөөнү өтүнгөн. Сот бул өтүнүчтү четке кагып, төмөнкү инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Курмашева 4-февралга чейин камакта болот.

Курмашева өзүнө каршы ачылган кылмыш иши боюнча 18-октябрдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал "чет элдик агенттердин тизмесине катталган эмес" деп айыпталууда.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең алып коюшкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптаган.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылган. Мындай чакырыктарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитети да жасаган.

XS
SM
MD
LG