"Оппозициянын, анын ичинде Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын Орусия менен виза режимин калыбына келтирүү талабы – "туруксуздукка жана согушка" алып келет", – деди Оханашвили.
Буга чейин "Грузин кыялынын" лидерлери, анын ичинде партия төрагасы Ираклий Кобахидзе бир нече жолу оппозиция мындай талабы менен Грузияны Орусия менен согушка түртүп жатканын айтышкан.
Быйыл март айынан бери Орусиядан Грузияга 300 миңден ашык орусиялык барды. Алардын көбү Тблиси, Батуми өңдүү шаарларга узак мөөнөттөргө барууда, басымдуу бөлүгү батирлерди сатып же ижарага алышкан.
Орус жарандары үчүн грузин визасын алуу талабын 2011-жылы Грузиянын ошол кездеги президенти Михаил Саакашвили жокко чыгарган. Ал бул чечимин өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү аракети менен түшүндүргөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин Грузия менен виза режимин киргизүү тууралуу жарлыкка 2000-жылы кол койгон. Грузин жарандары үчүн бир тараптуу виза режими бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.