Ссылки доступа

Ирандын бийлиги камактагы "он миңдеген" кишиге ырайым берилгенин билдирди


Али Хаменеи
Али Хаменеи

Ирандын руханий лидери, аятолла Али Хаменеи камактагы "он миңдеген" кишиге, анын ичинде жакында өкмөткө каршы ири акцияларда кармалган жарандарга ырайым берди. Бул тууралуу жекшемби күнү өлкөнүн мамлекеттик басылмалары кабарлады.

Маалыматка караганда, мунапыс 1979-жылдагы Ислам революциясынын жылдыгына байланыштуу жарыяланды.

"Бул мунапыс менен "чет өлкөлүк түзүмдөрдүн пайдасына чыккынчылык кылуу", "чет элдик агенттер менен түз байланышта болуу", "атайылап адам өлтүрүү же жаракат келтирүү", "мамлекеттик мүлктү зыянга учуратуу жана өрттөө" айыптары тагылбаган жарандар эркиндикке чыгат", – деп жазылган билдирүүдө.

Иранда өкмөткө каршы нааразылык акциялар 2022-жылы сентябрда, хижабды туура эмес тагынганы үчүн камакка алынып, полиция бөлүмүндө каза болгон 22 жаштагы студент кыз Махса Амининин өлүмүнөн кийин башталган.

Өкмөттүк аткаминерлер бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан акцияларды чет өлкөлөрдөгү күчтөр колдоп жаткан "козголоң" деп мүнөздөөдө.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, нааразылыктар башталгандан бери Иранда 500дөн ашык киши өлүп, 20 миңге жакыны камакка алынды. Каза болгондордун арасында эрезеге жете элек 70 бала бар. Мындан тышкары бул акцияларга катышканы үчүн кармалган бир нече киши дарга асылды.

XS
SM
MD
LG