Ссылки доступа

Иран лидери окуучулардын ууландырылышын "кечиримсиз кылмыш" деп атады


Иранда жабыркаган кыз
Иранда жабыркаган кыз

Иранда окуучулардын ууландырылышы “кечирилгис кылмыш” болуп эсептелет. Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи билдирди. Ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Мурдараак өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди уулануудан кеминде 52 мектептин окуучулары жабыркаганын мойнуна алган. Ал иликтөө учурунда “шектүү үлгүлөр” табылганын айткан.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, уулануудан жабыркаган мектептердин саны 60тан ашты. Алардын көбү кыздар окуган мектептер, арасында балдар барган бир гана окуу жай бар.

Кум шаарындагы мектеп окуучулары биринчилерден болуп уулануунун белгилерин билдиришкен: алардын 18и ноябрь айында ооруканага жаткырылган. Ошондон бери ушундай эле көрүнүштөр Ирандын 31 провинциясында катталды – миңден ашуун окуучу кыздар, алардын ата-энелери жана мугалимдери жапа чекти.

Балдар баш ооруга, жүрөктүн кагышынын тездешине, жүрөк айланууга жана алсыздыкка даттанышкан. Журналисттер менен маектешкен кыздар чириген мандариндин, чириген жумуртканын, тазалоочу каражаттардын же күчтүү атырдын жытын сезип жатканын айтышкан.

Ирандын мамлекеттик басылмалары ыктымал ууландыруулардын артында сүргүндөгү топтор, башка өлкөлөр, кыздардын билим алуусуна каршы диний топтор же жөн эле “жапырт истерия” учурлары турганын жазышууда.

Ирандын ички иштер министри Вахиди өткөн аптада уулануу учурларынын 90% "жаңылыктардан улам пайда болгон стресс жана тынчсыздануунун" кесепети экенин билдирген. Былтыр укук коргоочу Махса Амини хиджабын чечкени үчүн полициянын ур-токмогунан каза тапкандан бери Иранда нааразылык акциялары токтобой жатат. Нааразылыкка мектеп окуучулары да катышууда.

XS
SM
MD
LG