Ссылки доступа

Киевдеги ракеталык соккулардан каза болгондор жана жаракат алгандар бар


Бүгүн, 10-октябрь күнү эртең менен Киевде бери дегенде эле беш жарылуу болду. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

Шаар мэри Виталий Кличко чабуулга баш калаанын Шевченковский району кабылганын билдирди. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ракеталардын бири Михаил Грушевскийге тургузулган эстеликтин айланасына түшүп, жолдон өтүп бараткан автоунаалар өрттөндү.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы каза болгондор жана жараат алгандар бар экенин билдирди.

"Тилекке каршы сокку жасалган аймактарда жаракат алгандар жана өлгөндөр бар", – деди мекеменин басма сөз катчысы Светлана Водолага. Ал канча киши каза болгонун тактап айткан жок.

Кийинчерээк Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко Киевге жасалган ракеталык соккулардан беш киши өлүп, 12си жараат алганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский набыт болгондор бар экенин ырастады.

"Бизди 229 күндөн бери жок кылып, жер менен жексен кылууга аракет кылып жатышат. Запорожьеде үйүндө уктап жаткан адамдарды, Днепр менен Киевде жумушка бара жаткан адамдарды өлтүргүлөрү келүүдө. Украинанын бардык аймактарында аба айгайы токтобой жатат. Ракеталар түшүп, тилекке каршы адамдар каза болгон жана жараат алган учурлар да бар. Баш калкалоочу жайлардан чыкпашыңарды өтүнөм", – деди президент.

Украинанын маданият министри Александр Ткаченко Киевди аткылоонун жыйынтыгында филармониянын, Богдан, Варвара Ханенко жана Шевченко музейлеринин имараттары зыянга учураганын билдирди.

Киевдин мэри Виталий Кличко учурда шаардын борбордук көчөлөрү жабылып, негизги метро станциялары иштебей турганын айтты. Станциялар бомбадан коргонуучу жай катары пайдаланылууда. Киев облусунда абадан коргонуу системалары иштеп жатканы кабарланды.

"Суспільне" басылмасы 10-октябрь күнү эртең менен Днепрде да жарылуулар болгонун, шаарда жана облуста аба айгайы жарыяланганын жазды. Мындан тышкары Житомир, Тернополь, Львов жана Хмельницкий шаарлары да ракеталык аткылоого кабылганы кабарланууда.

Ракеталык соккулар болгонун Николаев облусунун башчысы Виталий Ким да билдирди.

"Ракеталык аткылоонун үчүнчү толкуну жүрүүдө. Баш калкалоочу жайларда отурабыз", – деп жазды ал.

Акыркы жолу Киев июнь айынын аягында ракеталык аткылоого кабылган. Анда шаарды көздөй 14 ракета атылып, алардын бири Шевченковский районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тийген. Жыйынтыгында бир киши өлүп, алты адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG