Ссылки доступа

Кытай бийлиги декабрда коронавирустан 60 миң киши өлгөнүн билдирди


Кытай бийлиги декабрдын башында өлкө коронавирус чектөөлөрүн азайткандан кийин COVID-19дан дээрлик 60 миңдей киши өлгөнүн кабарлады. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 8-декбардан 12-декабрь аралыгында COVID-19га байланыштуу себептер менен 59 938 киши өлгөнүн ырастоодо. Алардын арасынан 5503 адам коронавирус инфекциясынан дем алуу кыйындагандан улам көз жумган, калгандары – коронавирус инфекциясы башка ооруларды козгогондон улам каза болушкан.

Буга чейин Кытай бийлиги пандемия башталгандан бери өлкөдө 5 миңдей киши өкөз жумганын, декабрда болсо 10го жетпеген өлүм катталганын кабарлаган. Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бээжинди туура эмес статистика жарыялоого айыптаган.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 миллион киши жугузуп алганын жазган.

Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен кытай бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген. Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү буга каршы жапырт акциялар тутанган. Бээжин ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.

XS
SM
MD
LG