Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматтарды анализдеп чыккан "Агентство" басылмасы кабарлады.
"Өлкөнүн бардык аткаминерлери ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларда жүрүшү керек. Айрым жерлерде мурдагыга салыштырмалуу бир аз жупунураак болот – бирок эч нерсе эмес, тескерисинче бул жакшы. Бардык аткаминерлер ата мекендик бренддерди өнүктүрүүгө аракет кылуу керектигин түшүнүүсү зарыл", – деген Путин 3-августта.
Президенттин бул билдирүүсүнөн кийин бийлик чет өлкөлүк автоунааларды сатып ала баштаган. "Агентствонун" маалыматына караганда, мамлекеттик компаниялар менен мекемелер Кытайдан 114, Кореядан, Жапониядан жана Чехиядан 37 машине алууга ниеттенип жатат.
Сатып алына турган автоунаалардын 80ин Кытайдын Great Wall Motor холдинги өндүргөн. Экинчи орунда 23 унаа менен Hyundai Motor (Hyundai, Kia, Genesis үлгүлөрү) компаниясы турат. Алсак, мамлекеттин үлүшү бар "Энерготранс" компаниясы 19,5 миллион рублге Genesis G90 үлгүсүндөгү бизнес-класстагы седан сатып алат. Ингушетиянын Элдик кеңеши 16,5 миллион рублге алты Kia K3 автоунаасын сатып алууну көздөөдө.
Мындан тышкары мамлекеттик сатып алуулардын арасында Жапониянын Toyota Camry, Toyota Corolla, Toyota Hiace жана Toyota Land Cruiser 300 унааларын сатып алууга жалпы суммасы 56 миллион рублди түзгөн аукциондор да кездешет. Мисалы, "Русгидро транспорттук компаниясы" 14,8 миллион рублге Toyota Land Cruiser 300 машинесин сатып алганы жатат.