Радионун Балкан облусундагы кабарчысы билдиргендей, 25-июлда Түркмөнбашы шаарында Улуттук коопсуздук министрлигинин, калаа акимчилигинин, коомдук уюдардын жана бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Анын жүрүшүндө бийлик өкүлдөрү "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөдөгү окуяларды ыкчам чагылдырарын мойундарына алып, жашоочуларды өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөр тууралуу маалыматтарда аталган редакцияга жөнөтпөөгө чакырышты.
"Жыйында жарандарды чыдамкай болууга, Интернеттен чет өлкөлүк ЖМКларды окубоого жана аларга өлкөдөгү көйгөйлөр жөнүндө маалымат бербөөгө чакырышты", – деп билдирди кабарчы.
Анын айтымында, жыйындын уюштуруучулары өлкөдөгү көйгөйлөр боюнча мамлекеттик органдарга кайрылуу керектигин билдиришкен.
"Бардык маселени чечсе болот. Кандай гана көйгөй болбосун укук коргоо органдарына, райондук акимчиликтерге кайрылгыла. Эртеби-кечпи суу менен камсыз кылуу маселеси чечилип, электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөр азаят. Өкмөт ун тартыштыгына байланышкан көйгөйдү чечүү үчүн күнү-түнү иштеп жатат. Биздин эл бир жума банкоматтан акча чыгара албай калса эле ар кимге даттана баштайт. Кийин ал маалымат сүрөт жана видео түрүндө "Азаттыктын" баракчаларына чыгып жатат", – деди жыйында сүйлөгөн аксакалдардын бири.
"Азаттыктын" түркмөн кызматы Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары айтпаган өлкөдөгү окуялар менен көйгөйлөрдү чагылдырып келет.
Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстандын бийлигин өлкөдөгү саясий жана жарандык эркиндикти, анын ичинде сөз эркиндигин чектегени үчүн көп жолу сынга алган.