Ссылки доступа

Украина бийлиги дан келишимин 120 күнгө узартканын кабарлады


Украина Инфраструктура министрлиги кара деңиз портторунан украин данын экспорттоо боюнча келишимди дагы 120 күнгө узартарын кабарлады.

“Чечим жаңы эле Стамбулда жактырылды. Демилгеге мурдагыдай эле БУУ менен Түркия кепил болууда”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Министр Александр Кубраков Твиттерге Түркиянын коргонуу ведомствосунун башчысы “азык түлүк каатчылыгына каршы глобалдык күрөштө дагы бир маанилүү кадам жасаганын” жазды.

РБК белгилегендей, Кубраков Украина расмий түрдө өнөктөштөргө келишимди бери дегенде эле бир жылга узартып, ага Николаев портун кошуу сунушу менен кайрылды. Ушул тапта дан Одесса, Түштүк жана Черноморск портунан чыгарылып жатат.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, буурчак жана рапс данынан бир нече миллион тонна кемелерге жүктөлүп, экспорттолду. Келишим 19-ноябрда аягына чыкмак. Орусия макулдашууну узартууга макулдук берген-бербегени айтыла элек.

Bloomberg агенттиги 15-ноябрда өз булактарына таянуу менен Москва да дан келишимин узартышы ыктымал экенин жазган. Орус маалымат агенттиктеринин өз булактары 17-ноябрда сүйлөшүүлөр уланып жатканын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG