Ссылки доступа

Францияда Людмила Путинанын күйөөсүнө таандык вилла конфискацияланды


Бискай булуңунун жээгиндеги "Сюзанна" вилласы
Бискай булуңунун жээгиндеги "Сюзанна" вилласы

Франциянын бийлиги Людмила Путинанын азыркы күйөөсү, орусиялык бизнесмен Артур Очеретныйга таандык вилланы конфискациялады.

Challenges француз басылмасынын маалыматына караганда, вилланы конфискациялоо чечими мүлк сатылып алынган каражаттын кайдан келгенин текшерүү боюнчи Transparency International уюмунун талабынан кийин кабыл алынды.

Бискай булуңунун жээгиндеги Биарриц курортуна жакын жайгашкан "Сюзанна" аттуу вилла 5,4 миллион еврого бааланууда. Айланасындагы жер тилкесин кошуп эсептегенде анын жалпы аянты 5 миң чарчы метрди түзөт.

Вилланы Людмила Путинанын азыркы күйөөсү 2013-жылы сатып алган. Дал ошол жылы Владимир Путин менен аялы ажырашканын билдиришкен.

Путинанын экинчи никеси жөнүндө расмий кабарланган эмес. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал ишкер Очеретныйга 2015-жылы турмушка чыккан.

2022-жылы августта Алексей Навальныйдын тарапташтары иликтөө жарыялаган. Анда Артур Очеретный менен Людмила Путина Испаниянын Малага шаарында 2 миллион евролук эки батирге жана Швейцариянын Давос шаарында 3,5 миллион еврого бааланган бир батирге ээлик кылары айтылган. Мындан тышкары иликтөөнүн авторлору Путина менен Очеретный Москванын борборундагы имараттарды ижарага берүүдөн жылына 250 миллион рублден киреше алып турарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG