Ссылки доступа

Орусиянын аскердик блогерлери генералдын күнөөсүнөн улам чоң жоготуулар болгонун кабарлашты


Орусиянын аскердик блогерлери орус күчтөрү Украинанын Луганск облусундагы Кременная шаарынын айланасында чоң жоготууга учураганын кабарлашты.

Бир нече телеграм-канал жарыялаган маалыматка ылайык, генералдын келишин күтүп турган орус аскерлерине карата украин артиллериясы сокку уруп, жыйынтыгында ондогон орусиялык жоокер каза болгон. Бул маалымат менен бөлүшкөн "Рыбарь", "Старше Эдды", "Повёрнутые на Z войне", "Два майора" жана "Zаписки мичмана Птичкина" телеграм-каналдарынын жалпы катталуучуларынын саны 3 миллион колдонуучудан ашат.

"Кременнаяга жакын жерде чабуулга даярдып жаткан дивизиялардын биринде жагымсыз окуя болду. Аскерлер дивизиянын командири дем берүүчү сөздөрүн айтат деп аны тизилип алып эки саат күтүштү. Ошол маалда украиналыктар HIMARS’тар жана артиллерия менен сокку урду", – деп жазды "Рыбарь" каналы.

Билдирүүдө каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу так маалыматтар жазылган эмес – түрдүү булактарда алардын саны 50дөн 100гө чейин деп көрсөтүлүүдө. Ошондой эле телеграм-каналдар жоокерлер күткөн генералдын аты-жөнүн да жазышкан эмес.

Айрым такталбаган маалыматтарга караганда, кеп буга чейин "Чыгыш" аскер бөлүгүн жана Тынч океан деңиз аскерлеринин 155-бригадасын жетектеген генерал-майор Сухраб Ахмедов жөнүндө болуп жатышы мүмкүн. Буга чейин дал ушул бригада Приморье крайынын губернаторуна ачык кат жазып, Донецк облусунун Павловка айылындагы чоң жоготуулар үчүн Ахмедовду айыптаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик блогерлер жарыялаган бул билдирүү боюнча комментарий берген жок. Украинанын куралдуу күчтөрү да Кременнаяны көздөй сокку жасаганын кабарлаган жок.

XS
SM
MD
LG