Ссылки доступа

ДСУ: жайында Европада маймыл чечегин жуктургандар көбөйүшү мүмкүн


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) маймыл чечеги Европа аймагында жай айларында тездик менен тарашы ыкымал экенин эскертти.

“Европада жайкы сезон көп кишинин катышуусундагы иш-чаралар менен коштолгондуктан, вирустун тарашы тездеши ыктымал деп кооптонуп жатам”, - деди ДСУнун Европа бюросунун директору Ханс Клюге.

Ал вирус негизинен бейтап менен жакын байланышта болгон маалда жугарын белгиледи.

Германиянын Роберт Кох институтунун доктору Фабиан Леендерц маймыл чечегин эпидемия деп атап, бирок ал көпкө созулбайт деп божомолдоду.

“Ушул тапта ооруп калгандарды тез эле аныктап, обочо кармоого мүмкүн. Мындан тышкары зарыл учурда колдоно турган дары жана эффективдүү вакциналар бар”, - деди Леендерц.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү болуп саналат. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамдын дагы денесинде ыйлаакчалар чыгып кетет.

2022-жылы 21-майда маймыл чечеги Афиркадан тышкары аймактарда жайылганы аныкталды. Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада жана Австралияда оору жуктурган 100дөн ашуун учур катталды.

XS
SM
MD
LG