Ссылки доступа

ДССУ дүйнөдө маймыл чечеги 92 кишиге жукканын ырастады


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) дүйнөдө маймыл чечегин жуктуруп алгандардын саны 92ге жеткени ырасталганын, дагы 30га жакын учур текшерилип жатканын билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, илдет 15 өлкөдө аныкталып, баарынан Португалияда, Испанияда жана Улуу Британияда көп катталды. Мындан тышкары маймыл чечеги Австриянын, Австралиянын, Бельгиянын, Канаданын, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Нидерланддын, Швециянын жана АКШнын жашоочуларынан да табылды.

ДССУ бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө маймыл чечегинен каза болгондор жок экенин белгиледи.

Уюмдун маалыматына ылайык, маймыл чечегинин белгилери кадимки чечек оорусунукуна окшош. Илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, бездери чочуп калышы мүмкүн. Андан кийин бетинде бүдүр пайда болуп, бара-бара денесинин башка жерлерине жайылышы ыктымал. Маалыматка караганда, бул дарттан көз жумгандардын пайыздык көрсөткүчү төмөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму илдетти жугузуп алгандардын саны өсө турганын эскертип жатат. Германиянын Роберт Кох институтунун доктору Фабиан Леендерц маймыл чечегин эпидемия деп атап, бирок ал көпкө созулбай турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG