Ссылки доступа

Бангладештин убактылуу өкмөтүн Нобель сыйлыгынын лауреаты жетектейт


Мухаммад Юнус
Мухаммад Юнус

Мухаммад Юнус 8-август күнү кечинде президенттик сарайда ант берди. Салтанатта ал "өлкөнүн Конституциясын сактоого жана коргоого жана жаңы милдеттерин чын ыкластан аткарууга" убада берип, жарандарды зордук-зомбулукту токтотууга чакырды.

Бангладеште массалык нааразылык акцияларынан кийин убактылуу өкмөттү Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус жетектеп калды. Ал 2009-жылдан бери премьер-министрлик кызматты аркалап келген шейх Хасина өлкөдөн качып кеткенден бир нече күн өткөндөн кийин Франциядан өлкөгө кайтып келди.

Мухаммед Юнусту дайындоо чечими өлкөнүн президенти менен болгон жолугушууда кабыл алынган, муну митингге чыккан студенттер талап кылышкан.

Бангладештеги нааразылык акциялары июль айында башталган. Буга өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн согушка катышкан ардагерлердин жакындарына мамлекеттик кызматтардын 30% бөлүнүшү түрткү болгон. Толкундоолордон улам бул көрсөткүч 5% чейин кыскартылса да, нааразылык акциялары токтомок тургай, тескерисинче, күчөгөн, кеминде 400 адам каза болгон.

5-августта 76 жаштагы шейх Хасина кызматтан кетип, сиңдиси менен өлкөдөн качып кеткен. Андан кийин армиянын командири, генерал Вакер-Уз-Заман убактылуу өкмөт түзүлгөнүн жарыялап, эртеси президент Шахабуддин Чуппу парламентти таркаткан.

Мухаммад Юнус 2006-жылы Бангладеште микрокредиттик системаны өнүктүргөнү үчүн Нобель сыйлыгын алган экономист. Ал негиздеген Grameen Bank төмөн пайыздык чен менен микрокредиттерди берет. Аны "кедейлердин банкири" деп аташат.

XS
SM
MD
LG