Ссылки доступа

"Талибан" менен АКШ камактагы жарандарын алмаштырды


Башир Нурзай Кабул шаарында. 19-сентябрь 2022-жыл
Башир Нурзай Кабул шаарында. 19-сентябрь 2022-жыл

19-сентябрда Кабул шаарынын аэропортунда америкалык инженер Марк Фрерикс "Талибан" радикал кыймылынын жогорку даражалуу мүчөсү Башир Нурзайга алмаштырылды. Бул маалыматты АКШ президентинин администрациясы ырастады.

Марк Фрерикс — АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн инженери жана ардагери. Ал Ооганстандагы өнүктүрүү долбоорлорунда он жылдай иштеген. Фрериксти 2020-жылы февралда белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Башир Нурзай талибдер 1990-жылдары бийликте турган маалда алардын финансылык тарапкери болгон. 2005-жылы 50 миллион долларлык героинди мыйзамсыз ташуу айыбы менен АКШда камакка алынган.

2009-жылы ал өмүр бою абакка кесилген. Бошотулгандан кийин Нурзайды Кабулда талибдер гүл менен тосуп алышты.

XS
SM
MD
LG