Ссылки доступа

WP: Орусияга Ирандан учкучсуз учуучу аппараттар келди


Украинадагы согушта колдонуу үчүн Орусияга Ирандан аскердик учкучсуз учуучу аппараттар келди. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы аты-жөнү айтылбаган америкалык аткаминерлерге шелтеме кылып кабарлады.

Буга чейин Ак үй Орусия Ирандан "жүздөгөн" учкучсуз учуучу аппараттарды алууну пландап жатканын билдирген. Москва бул маалыматты четке каккан.

Washington Post'тун маалыматына караганда, Ирандан алгачкы учкучсуз учуучу аппараттар Москвага 19-августта жүк ташуучу учактар менен жеткирилген. Макалада кеп артиллериялык системаларга, радарларга жана башка аскердик буталарга чабуул жасоого жөндөмдүү Mohajer-6 жана Shahed аппараттары жөнүндө болуп жатканы белгиленген.

Ошол эле маалда гезит алгачкы сыноолордун жүрүшүндө орус адистери учкучсуз учуучу аппараттарда көптөгөн техникалык мүчүлүштүктөр бар экенин аныктаганын, бул фронтто колдонууда маселелерди жаратышы мүмкүн экенин жазды.

Washington Post белгилегендей, Орусиянын Ирандан бул аппараттарды сатып алуусу – Москва менен Тегерандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын бекемделип жатканын көрсөтсө, ошол эле маалда орус армиясында сокку жасоочу учкучсуз учуучу аппараттардын жетишсиз болуп жатканын көрсөтүүдө.

Июль айында CNN телеканалы Орусиянын өкмөттүк делегациясы учкучсуз учуучу аппараттарыд көрүү үчүн Ирандагы Кашан аэродромуна эки жолу барганын кабарлаган.

Июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Тегеранга барган. Анда тараптар учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алуу маселесин талкуулаган-талкуулабаганы расмий кабарланган эмес.

XS
SM
MD
LG