“Түндүк Корея бизге дайыма аскердик коркунуч туудуруп, өзөктүк бомбаларынан баш тартпай келет. Ошондуктан Түндүк Кореянын өкмөтү жана армиясы биздин жообуз болуп эсептелет”, - деп айтылат Түшүк Кореянын коргонуу программасында.
Документте Пхеньяндын өзөктүк программасы коопсуздукка өтө чоң коркунуч жаратып жатканы белгиленген. Мындан тышкары Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын былтыр декабрда Түшүк Кореяны “душман” деп атаганы айтылган.
Түшүк Кореянын коргонуу программасынын негизги максаттары – алдыдагы эки жылда Түндүк Корея жаратып жаткан коркунучтарга каршы даярдык көрүү, Корей жарым аралындагы согушту токтотуу, келечекте Кореянын тынч жол менен биригишине көмөк көрсөтүү.
Түшүк Кореянын буга чейинки коргонуу документтеринде Сеул өлкөнүн суверендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эли менен мүлкүнө коркунуч жараткан күчтөрдү душман деп атай турганы жазылган. Бирок анда Түндүк Корея жөнүндө сөз болчу эмес.