Ссылки доступа

ЖМК: Жаңы жыл түнү Москва жана Санкт-Петербург шаарларында жүздөгөн мигрант кармалды


Жаңы жыл түнү Санкт-Петербург шаарынын борбордук бөлүгүндө 1960 киши кармалды. Бул тууралуу "Фонтанка" басылмасы укук коргоо органдарындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, полиция кызматкерлери аянтта фейерверк атууга аракет кылган мас абалындагы кишилерди күч колдонуу менен кармаган.

Петербург шаардык ички иштер башкармалыгы адамдардын кармалышын "профилактикалык рейд" менен түшүндүрдү. "Текшерүүнүн жыйынтыгында көптөгөн миграциялык мыйзам бузуулар аныкталып, алар боюнча административдик мүнөздөгү чаралар көрүлдү", – деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Жаңы жыл түнү Москва шаарында да адамдар кармалган, бирок ал Санкт-Петербургдагыдай жапырт мүнөзгө ээ болгон эмес.

Sota басылмасынын маалыматына караганда, полиция кызматкерлери Манеж аянтында күч колдонуу менен "славян түспөлүндөгү эмес" кишилерди кармаган.

DOXA басылмасы Жаңы жыл түнү Москвада 350гө жакын мигрант кармалганын кабарлады. Мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүү менен алектенген укук коргоочу Валентина Чупик ага эле жардам сурап Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын кармалган жүздөн ашык жараны кайрылганын билдирди. Анын айтымында, аталган эки шаарда жыл сайын Жаңы жыл түнү мигранттар жапырт кармалат. Өткөн жылы полиция кызматкерлери Санкт-Петербургда 2 миңден ашык, Москвада миңге жакын кишини кармаган.

XS
SM
MD
LG