Юристтер Орусияда чет өлкөлүктөрдүн документтерин текшерүү күчөп, көпчүлүк учурларда алар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдирүүдө. Алардын айтымында, чет элдик жарандар полиция бөлүмдөрүнө топ-тобу менен жеткирилип, ал жактарда сааттап кармалууда.
"Мигрант. Медиа" долбоорунун журналисттери бул тема боюнча Орусиядагы мигранттар менен сүйлөштү. Коопсуздук үчүн алардын аты-жөндөрү өзгөртүлүп берилди.
"Бизди кармап полиция бөлүмүнө жеткиришти. Ал жерден бардыгын текшерип, манжа изибизди алышты. 10 саат бою паспортторубузду текшерип, сүрөткө тартышты. Телефонумду алып, ким менен сүйлөшкөнүмө чейин карап чыгышты", – деди Шухрат аттуу өзбекстандык мигрант.
Ал аны менен чогуу Өзбекстандан жана Тажикстандан барган дагы 20 мигрант полиция бөлүмүнө жеткирилгенин, өзбек жарандарын 10 сааттан кийин кое беришкенин билдирди.
"Тажикстандыктарды алып калышты. Полиция аларга кыйла катаал мамиле кылып, союл менен сабады. Өзбекстандыктар менен андай болгон жок. Болгону орой сүйлөп, кемсинтишти", – деди Шухрат.
Ал бир күндүн ичинде полиция кызматкерлери аны көчөдөн бир нече жолу токтотушканын кошумчалады. "Мындай учур 4-5 жолу болду. Документимди карап, кайсы улуттан экенимди сурашты. Өзбек экенимди айткандан кийин "Сумкаңда эмне бар? Курал жокпу? Качан келдиң? Ким менен сүйлөшөсүң? Кайда иштейсиң? Документтериң жайындабы?" деген сыяктуу суроолорду берип, 15-20 мүнөт, айрым учурларда жарым саатка чейин кармашты", – деди Шухрат.
Фаррух аттуу дагы бир өзбекстандык мигрант абал өтө деле оорлобогонун билдирди. "Жеке мени кармаган жок. Теракттан кийин биздин метро станцияда текшерүүлөр болгон жок. Кайсы бир жерлерде текшерип жатышат, бирок социалдык түйүндөрдө айтылып жаткандай көп эмес. Жеке мен агрессивдүү деле аракеттерди байкаган жокмун", – деди ал.
Ал арада migrant.uz порталы акыркы окуяларга байланыштуу Орусиядагы мигранттар үчүн юристтердин сунуштарын жарыялады.
"Рейддерди эске алып, мигранттарга бардык документтерин (патент, миграциялык каттоо) тартипке келтирүү; мезгил мезгили менен телефондогу, ноутбуктагы жана башка гаджеттердеги браузерлердин тарыхын өчүрүп туруу; коомдук жайларга азыраак чыгуу; жакындары менен байланышта болуу; элчиликтин жана консулдуктардын номурларын сактап алуу" сунушталат.
Буга чейин укук коргоочулар "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийинки алгачкы күндөрү эле аларга полициянын текшерүүсүнө кабылган миңдеген мигрант кайрылганын билдиришкен.