Ссылки доступа

Астанада кармалган мунайчылар бошотулду


11-апрелде Астанада кармалган жаңы-өзөндүк мунайчылар. 12-апрель 2023-жыл
11-апрелде Астанада кармалган жаңы-өзөндүк мунайчылар. 12-апрель 2023-жыл

Казакстандын Энергетика министрлигинин алдында кармалган "БерАли Маңгыстау Company"  компаниясынын мурдагы кызматкерлери бошотулду. Казак бийлиги аларды Жаңы-Өзөнгө бара турган поезд менен үйлөрүнө жөнөттү.

"КазМунайГаз" улуттук компаниясы билдиргендей, мунайчылардын талаптарын карап, аны укуктук талаада чечүү үчүн атайын комиссия түзүлмөй болду. Анын курамына "БерАли Маңгыстау Company" компаниясынын мурдагы кызматкерлери да кирет.

10-апрелде "Берали Маңгыстау Company" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери баш калаадагы Энергетика министрлигинин алдында бир суткадан ашуун убакыт турушкан. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айтышкан. Алар менен сүйлөшүүгө эч ким чыккан эмес. Мунайчылар сыртта түнөп калышкан.

11-апрелде аларды полиция кармап кеткен. Астанадагы кармоолордон кийин Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында миңдей адам көчөгө чыгып, жердештерин бошотууну жана жумушсуздук маселесин чечүүнү талап кылышкан.

Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Жандос Умиралиевдин айтымында, 11-апрелде Астанадагы полиция бөлүмүнө 126 киши жеткирилген. Умиралиев алардын ичинен беш адам митингге активдүү катышканын жана мыйзам бузганын белгилеп, административдик жоопкерчиликке тартылганын кошумчалады.

"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, Астанада кармалган мунайчылар түндү полиция бөлүмдөрүндө өткөрүштү. 12-апрелде эртең менен алар Астананын темир жол бекетинен тартылган тасманы таратып, Маңгыстауга кайтып баратышканын билдиришти. Ошондой эле Жаңы-Өзөндө жана Актауда өздөрүн колдоп митингге чыккан тарапташтарына ыраазычылык айтышты.

Маалыматка караганда, мунай тармагында кызмат көрсөткөн "Берали Маңгыстау Company" тендерден утпай калып, 200дөн ашуун киши ишсиз калган. "Өзөнмунайгаз" компаниясы жумушчуларга ушундай эле шарт менен "Кезби" компаниясында жумуш сунуш кылынганын, бирок алар баш тартканын билдирди. Мунайчылар ал жерде акча эселеп аз төлөнөрүн, келишимдер убактылуу гана экенин айтып, туруктуу жумуш менен камсыздоо талабын коюп жатышат.

XS
SM
MD
LG