Ссылки доступа

Москвада 30дай тажик жараны аэропортто кармалууда


Орусияда Тажикстандан учуп барган 30дан ашуун киши аэропортто кармалып турат. Алар Внуково аэропортуна 14-июнда учуп баргандан бери өлкөгө киргизилбей жатканын, арасында аялдар жана балдар да бар экенин бүгүн 17-июнда «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.

Айрымдары «Озодиге» байланышка чыгып, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү аларды «Орусиянын тынчын алып жатасыңар», «Кайра үйүңөргө кеткиле» дешкенин, телефондорун текшерип, «Крокус» окуясы тууралуу сураштырышканын айтып беришти жана видеолорун жөнөтүштү.

«Крокустагы» окуядан кийин Орусияда тажикстандык мигранттарга басым күчөгөн.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалгандардын арасынан 11 кишинин теги тажикстандык экени аныкталган.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө айткан.

«Озоди» белгилегендей, жыл сайын миңдеген тажикстандык мигрант Орусиядан түртүү шылтоо менен чыгарылып, дагы жүздөгөн мигрант камалып, куугунтукка алынууда. Эксперттердин баамында, Орусия бийлиги эмгек мигранттарынын маселесин Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүү ыкмасы катары колдонуп келет.

XS
SM
MD
LG