Ссылки доступа

Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында Орусияны жазалоону талап кылды


Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясынын делегаттарына жасаган видеокайрылуусунда "тынчтыктын формуласынын" беш пунктун атап, булар аткарылса согуш токтой турганын билдирди.

Анын айтымында, биринчи пункт чек араны бузуп кирип, миңдеген кишилерди өлтүрүү үчүн жаза колдонуу. "Украинага каршы кылмыш жасалды, биз адилеттүү жазаны талап кылабыз… Украина биздин жерлерди уурдоо аракети үчүн жаза талап кылууда. Миңдеген кишилерди өлтүргөнү, аялдар менен эркектерди кыйноого алып, кемсинткени үчүн жаза керек. Орусия өзүнүн мыйзамсыз согушу менен украиналыктарга гана эмес, бүткүл дүйнөгө алып келген катастрофалык баш аламандык үчүн жаза талап кылабыз", – деди Зеленский.

Экинчи пункт – ар бир өлкөнүн өз жарандарын коргоого болгон укугу. Үчүнчүсү – коопсуздукту, анын ичинде азык-түлүк, өзөктүк коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүү. Төртүнчүсү – коопсуздуктун кепилдиги. "Тынчтык формуласынын" бешинчи пункту – коргонуу жана жардам берүүгө болгон чечкиндүүлүк.

Зеленский Орусияга каршы санкцияларды улантууга, согуш аяктаганга чейин өлкөнү эл аралык уюмдардан обочолонтууга, ошондой эле аны БУУнун Коопсуздук кеңешинде добуш берүү жана вето коюу укугунан ажыратууга чакырды. Мындан тышкары украин президенти орусиялыктарга карата визалык чектөөлөр киргизилип, Орусиянын кылмыштуу иштери боюнча атайын трибунал түзүлүп, келтирилген чыгымдарды өндүрүп алуунун механизмдери иштелип чыгышы керек экенин белгиледи. "Орусия бул согушу үчүн өзүнүн активдеринен төлөп берүүгө милдеттүү. Бул да жаза", – деди Зеленский.

Нью-Йоркто өткөн Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусунан кийин ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча атайын өкүлү Жозеп Боррель Украинанын оккупацияланган аймактарында референдумдарды өткөрүү аракетине байланыштуу Евробиримдик болушунча кыска убакыттын ичинде Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизерин билдирди. Боррель кеп кандай санкциялар жөнүндө болуп жатканын тактап айткан жок, болгону алар жеке адамдарга жана белгилүү бир тармактарга киргизилерин белгиледи. Мындан тышкары ал Евробиримдик Украинаны аскердик техникаларды берүү менен колдоосун уланта берерин кошумчалады.

БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн Улуу Британиянын премьер-министри Лиз Трасс Украина жеңишке жеткенге чейин аскердик жардамды токтотпоо ниетин айтты.

АКШнын президенти Жо Байден кезектеги жолу Украинага колдоосун билдирип, Вашингтон согуштун бардык тарапка адилеттүү болгон шарттарда аякташын каалай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG