Ссылки доступа

Зеленский Орусияны Запорожье АЭСинде теракт даярдоого айыптады


Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны Запорожье атомдук электр станциясында (АЭС) теракт даярдоого айыптады. АЭС Орусия оккупациялап алган Запорожье облусундагы Энергодар шаарында жайгашкан.

Зеленский ыктымал "террордук акт" тууралуу ага украин чалгыны маалымат бергенин 22-июндагы видеокайрылуусунда айтты.

"Тилекке каршы, радиациянын мамлекеттик чек арасы жок экенин дагы бир жолу кайталайм. Ал кайсыл жакка тарай турганын шамалдын багыты аныктайт. Биздеги маалыматты дүйнөдөгү баардык өнөктөштөрүбүз менен бөлүшөбүз", – деди украин президенти.

Зеленский атайын кызматтарда кандай далилдер бар экенин ачыктаган жок.

Бул билдирүүнү Кремлдин расмий өкүлү "кезектеги калп" деп атады. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жакында эле Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлдөрү жерине барган учурда АЭСтин ишин жогору баалаганын белгиледи.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Украинадагы АЭСке 15-июнда барган.

Анын сапары электр станцияга Кахов ГЭСинин жарылуусу кандай таасир эткенин баалоо максатын көздөгөн.

Жарылуудан кийинки жагдай станция үчүн коркунучтуу экени айтылган. Бирок МАГАТЭ азырынча станцияга кооптуу кырдаал жарала электигин маалымдаган.

6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылып, Херсон облусунун бир катар конуштарын суу каптаган. 30га жакын адам өлүп, миңдеген тургун коопсуз жакка көчүрүлгөн. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптоодо.

XS
SM
MD
LG