Ссылки доступа

Зеленский Орусия агрессиясын колдогондордун активдерин конфискациялоо мыйзамына кол койду


Украинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салуусун колдогондордун мүлктөрү менен активдерин мамлекеттин пайдасына конфискациялоого мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду.

"Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдоп жаткан санкциялык тизмедегилердин активдерин конфискациялоо – душмандын эсебинен украин бюджетин тез жана натыйжалуу толтурууга мүмкүндүк берет", - деп жазылган президенттин сайтындагы билдирүүдө.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Рада 12-майда жактырган.

Документте конфискация чарасы аскердик абал маалында жана буга чейин мүлкү камакка алынган жеке же юридикалык жактарга карата гана колдонулары белгиленген. Конфискациялоо тууралуу чечимди Жогорку антикоррупциялык сот кабыл алышы керек болот.

Бул мыйзамды колдонууга төмөнкү жагдайлар негиз болот: Украинанын эгемендиги менен улуттук коопсуздугуна зыян келтирүү; мындай аракеттерди колдоо, анын ичинде "агрессор өлкөнүн" баалуу кагаздарына инвестиция салуу; украин патриоттуулугун "нацизмге" теңөө; украин элине, маданиятына жана тилине карата кастыкты козутуу.

Апрелдин башында Жогорку Рада Москванын агрессиясын колдогон орусиялыктардын жана Орусия менен жакын байланыштагы башка өлкөлөрдүн жарандарынын мүлктөрүн улутташтыруу тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.

Бул мыйзам Украинадагы аскердик абал маалында Орусиядагы экономикалык ишмердүүлүгүн убактылуу же биртоло токтотпогон компаниялар менен жарандардын мүлктөрүн мамлекеттин пайдасына алууга уруксат берет. Улутташтырылган мүлктөрдүн бардыгы "Орусиянын агрессиясына кабылган Украинанын пайдасына репарация төлөө эсебине" которулат.

Майдын башында "Сбербанк" менен "ВЭБ.РФ" корпорациясынын Украинадагы туундуу ишканаларынын активдерин мамлекеттин пайдасына алуу тууралуу жарлыкка кол коюлган.

XS
SM
MD
LG