Ссылки доступа

Зеленский НАТОну Орусияга "алдын ала сокку жасоого" чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОну Орусиянын өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгын жокко чыгаруу үчүн бул өлкөгө алдын ала сокку урууга чакырды.

Австралиянын Лоуи институтунда өткөн иш-чарага видеобайланыш аркылуу катышкан Зеленский бул сөзү менен Орусияга каршы курал колдонуу жөнүндө айткан-айтпаганын тактаган жок. "НАТО эмне кылышы керек? Орусиянын өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгын жокко чыгарышы зарыл. Мен 24-февралга чейинкидей эле эл аралык коомчулукка дагы бир жолу кайрылам: Москва өзөктүк курал колдонсо эмне болорун билиши үчүн алдын ала сокку жасалышы маанилүү. Орусиянын өзөктүк соккуларын күтүп, андан кийин гана чара көрүү болбойт. Басым көрсөтүү жолдорун, анын тартибин кайра карап чыгуу зарыл", – деди украин президенти.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Зеленскийдин бул билдирүүсүнө дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, өзгөчө АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдиги көңүл бурушу керектигин билдирди. Ал Зеленскийдин бул сөздөрү "дүйнөлүк согушту баштоого чакырык" болуп эсептелерин кошумчалады. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев украин президентин "Орусияга өзөктүк сокку жасоого чакырды" деп айыптады.

Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоров жооп катары Украинанын президенти Орусияга аскердик сокку жасоо жөнүндө айтпаганын билдирди. Никифоровдун айтымында, Зеленский болгону 24-февралдагы кол салууга чейин талап кылгандай эле Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү сунуштады. Ал өзөктүк сокку менен Украина эмес, Орусия коркутуп жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага басып киргенден бери орус президенти Владимир Путин өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин айтып бир нече жолу коркуткан.

АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Владимир Путинди "Европаны ачыктан-ачык өзөктүк курал менен коркутууга" жана өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча милдеттенмелерине көңүл бурбай жатканына айыптаган. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия Украинага каршы өзөктүк курал колдонсо, анда Москва "катастрофалык кесепеттерге" дууша болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG