Зеленский Украинадагы мобилизациялык пландар тууралуу суроолорго жооп берди. Украина президенти аскерге чакырыла турган адамдардын так санын атаган жок, бирок ал 500 миңден аз болорун белгиледи. "Бизге жарым миллиондун кереги жок" деди Зеленский.
Путин 2022-жылдын сентябрында Украинадагы согушка аскердик күчү жетишпей жаткан маалда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Бир айдан кийин мобилизация аяктаганын жарыялаган менен тиешелүү буйрукка кол койгон эмес. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация башталганы 300 миң адам аскерге тартылганын билдирген.
3-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги быйыл жыл башынан бери 100 миңден ашуун адам келишим боюнча аскердик кызматка өткөнүн кабарлаган. Ошондой эле 1-апрелден тарта жазгы аскерге чакыруу башталды, анын жүрүшүндө 150 миң адам аскерге чакырылары айтылууда.
Орус бийлиги мобилизациянын жаңы толкунуна даярдыктар көрүлүп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагууда.