Ссылки доступа

Зеленский: Мариуполдогу сот менен Орусия сүйлөшүүлөрдөн ажырайт


Эгер Мариуполдо украиналык туткундарга карата “жийиркеничтүү опуза сот” болсо Киев менен Москванын сүйлөшүүлөрү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский ак күнкү кечки кайрылуусунда билдирди.

"Биздин мамлекеттин реакциясы толугу менен түшүнүктүү. Эгер жийиркеничтүү опуза сот болсо, эгер бардык макулдашууларга, эл аралык эрежелерге карбай биздин кишилерди ошол декорацияга алып киришсе... Бул бир дагы сүйлөшүү мүмкүн болбой турган чек болот. Орусия сүйлөшүүлөрдөн өзүнөн-өзү оолактап жатат. Сүйлөшүүлөр мындан ары болбойт", - деди Зеленский.

“Донецк элдик республикасы” деп аталган жикчил түзүмдүн башчысы Денис Пушилин трибуналга даярдык көрүлүп жатканын, алгачкы трибуналдардын бири Мариуполдо өтөрүн айткан.

Украин жана орус ЖМКларынын маалыматына караганда, оккупацияланган Мариуполдо “Авоз” полкунун жоокерлерин соттоого даярдык көрүлүүдө. Аталган полк Орусияда террордук уюм катары таанылган. Августта Life ресурсу Мариуполдогу филармониядан видео жарыялап, ал жакта соттолуучулар үчүн металлдан тор курулуп жатканын көрсөткөн.

Мариуполдун мэри Вадим Бойченко орус аскерлери украин туткундарын Украинанын Эгемендүүлүк күнүндө – 24-августта соттошу ыктымал экенин да четке каккан жок.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG