Ссылки доступа

Зеленский орустарды өлтүрүү жөнүндө айткан Казакстандагы украин элчисин кызматтан алды


Петр Врублевский жана Казакстандын ТИМ башчысынын орун басары Ермухамбет Конуспаев
Петр Врублевский жана Казакстандын ТИМ башчысынын орун басары Ермухамбет Конуспаев

Украинанын президенти Владимир Зеленский Казакстандагы украин элчиси Петр Врублевскийди кызматтан алды. Бул тууралуу президенттин кеңсесинин сайтына жарыяланган жарлыкта жазылган.

Быйыл 21-августта Врублевский казакстандык блогер Диас Кузаировго маек берген. Ал Орусиянын Украинага кол салуусу жөнүндө айтып, Украина "болушунча көбүрөөк орусту өлтүрүүгө" аракет кыларын, "канчалык көп өлтүрсө, келечек муунга ошончо аз өлтүрүүгө туура келерин" билдирген.

Бул маектен кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Врублевский менен сүйлөшүү болгонун, элчи айткан сөздөрү үчүн кечирим сураганын кабарлаган. Орусия Врублевскийди Казакстандан чыгарууну талап кылган. Астана ал эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин билдирген. Октябрдын башында Врублевский жумушуна кайтканы тууралуу маалымат пайда болгондон кийин Казакстандын Орусиядагы элчиси орус ТИМине чакыртылган.

Кийинчерээк Казакстандын ТИМи Врублевскийдин кызматына кайтып келгенине нааразылык билдирип, аны "бандера эмиссары" деп атаган Мария Захарованын сөздөрү үчүн орус элчиси Алексей Бородавкинди чакырткан.

XS
SM
MD
LG