Ссылки доступа

Зеленский: Лиманда жалган референдумдун изи да калган жок


 Лимандагы украин аскерлери
Лимандагы украин аскерлери

Украина президенти Владимир Зеленский Донецк облусуна караштуу Лиман шаарынын кайтарылышы боюнча комментарий берди.

Шаардын бошотулганы жөнүндө кабар Орусия президенти Владимир Путин Украинанын төрт облусунун, анын ичинде Донецктин аннексияланышын жарыялагандан бир күн өткөн соң чыкты.

Зеленский 1-октябрь күнү кечинде элге жасаган видеокайрылуусунда: "Орусия Донбасста оюн уюштурду. Референдум катары көрсөткүлөрү келген болбогон оюн. Ал жерде азыр украин желеги турат. Украин туусу Донецк облусунун Лиман шаарында желбирөөдө. Ал жерде азыр деле согуштук аракеттер жүрүп жатат. Бирок кандайдыр бир жалган референдумдун изи да калган жок", – деди. Жекшембиде болсо ал Лиман баскынчылардан толук тазаланганын билдирди.

Орусия Коргоо министри орус аскерлери Лимандан чыгып кеткенин тастыктады. Ушул тапта салгылашуу Донецк менен Луганск облустарынын административдик чек арасына жакын жерде жүрүп жатат.

Соцтармактарда Лиман шаарынын борборунда жүргөн украин жоокерлеринин сүрөттөрү жана видеолору жарыяланды.

Лиман орус күчтөрүнүн колуна ушул жылдын май айында өткөн. Бул эң маанилүү темир жол түйүнү жайгашкан шаар. Мындан тышкары шаарды алуу украин күчтөрүнө Луганск облусуна түндүктөн жана батыштан чабуул коюуга жардам берет. Украиналык аскерлер Лиманга чабуулду шаардын түндүк-чыгышындагы Харьков облусундагы ийгиликтүү операциясынан кийин баштаган.

XS
SM
MD
LG