Ссылки доступа

Зеленский кайрадан Путин менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн четке какты


Украинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский CNN телеканалына берген маегинде учурда Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, Украина согуш уланып жаткан чакта сүйлөшүүлөргө барбайт. "Алар сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар менен согушту убактылуу токтотуп, күч топтоп алып кайрадан алдыга жылат. Бул алардын стратегиясы — акырындык менен жерлерибизди бөлүп-бөлүп басып алуу. Мен бул оюнду ойногум келбейт. Орус тараптын конструктивдүү болууга эч кандай каалоосу жок. Ультиматум койгондор менен сүйлөшүү ниетим жок", – деди Зеленский.

Ал Украианын Орусия оккупациялап алган бардык аймактары бошотулгандан кийин гана Москва менен келишим түзүү мүмкүн экенин айтты.

Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун айтымында, февраль-март айларында Беларуста жана Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө украин делегациясы орус аскерлери 23-февралдагы позицияларына кайткан шартта макулдашууга кол коюуга даяр болчу.

"Анда бул мүмкүн болчу. Бирок азыр алар кайра артка кайтууга мүмкүн болбогон чекке жетишти. Украинанын азыркы позициясы – орус аскерлери биздин аймактан, анын ичинде Крымдан толук чыгып кетмейинче эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт", – деди Резников.

Зеленскийдин CNN телеканалына берген маеги украин аскерлеринин Харьков облусундагы контчабуулдары ийгиликтүү жүрүп жаткан маалда чыкты. Өткөн жумадан бери украин күчтөрү бир топ аймагын бошотууга жетишти. Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлеринин чегинүүсүн алар Донецк облусуна жиберилип жатканы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG