Былтыр күзүндө "Проект" долбоорунун кабарчылары Путиндин "Валдай" резиденциясына жакын жайгашкан Долгие Бороды кыштагынын жанындагы Валдай улуттук паркынын аймагынан тик учак коно турган аянтчасы бар кайтаруудагы темир жол станциясын табышкан.
Жергиликтүү жашоочулар станция менен темир жол мамлекет башчысы үчүн гана салынганын кабарлашкан. Спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, Валдайдагы Путинге арналган станция менен темир жол 2019-жылы курулган.
Басылманын белгилешинче, Орусиянын президентине арналган алгачкы станция 2015-жылы Ново-Огареводо пайда болгон. Ал Москва облусундагы Путиндин резиденциясынан 400 метр аралыкта жайгашкан.
"Проекттин" маалыматы боюнча дагы бир президенттик станция Сочиде курулган.
Путинди резиденциясына жеткире турган атайын поезд Москва-Каланчевская станциясындагы деподо жайгашкан. Ал жерде ВИП-персондорду тейлей турган жабык бекет бар. "Проект" жазгандай, ал бекет азыр да иштейт – айланасы бийик дубалдар жана тикенек зымдар менен курчалган.
Мурдараак "Досье" борбору Украинага кол салардан мурун Путин жүргөн жерин жашыруу үчүн учактан брондолгон поездге отурганын кабарлаган.
Путиндин атайын поезди сыртынан кызыл чийиндүү боз түстөгү катардагы поезддерден айырмаланбайт.
Президенттин брондолгон поезддерин 2002-жылы түзүлгөн "Гранд Сервис Экспресс" компаниясы жасайт. Мурда бул компанияга Путиндин жакын досу Юрий Ковальчуктун иниси Кирилл Ковальчук тең төрагалык кылган.