Ссылки доступа

БУУ: Орусиянын агрессиясынан Украинада 8 миңден ашуун жай тургун өлдү


Орусия Украинага согуш ачкандан бери сегиз миңден ашуун карапайым адам өлдү. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын жаңы баяндамасында айтылат.

2022-жылдын 24-февралынан тартып 2023-жылдын 15-февралына чейин Украинада 8006 жай тургун, анын ичинде 487 бала өлдү. Дагы 13 287 адам жаракат алса, анын миңге чукулу балдар. Өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын көбү Луганск жана Донецк облусунун жашоочулары болгон.

Жай тургундардын арасында каза тапкандар жана жараат алгандардын анык саны алда канча көп. Баяндаманын авторлорунун билдиришинче, айрым аймактардагы, маселен, Мариуполь (Донецкая облусу), Лисичанск, Попасная жана Северодонецк (Луганск облусу) шаарларындагы маалыматтар толугу менен тактала элек.

Баяндамада айтылгандай, эң көп өлүм былтыр март айында катталган: анда орус агрессиясынын кесепетинен 3918 украиналык өлүп, 2967си жаракат алган. БУУ 2023-жылдан бери Украинада 263 киши өлүп, 759у жаракат алганын каттады.

Жай тургундарын көбү октон, жардыруулардан, ракеталык жана аба соккуларынан мерт болушкан.

Мурдардаак Украинанын Улуттук полициясынын тергөө башкармалыгы согуштан 16 миңден ашуун карапайым украин жарандары өлгөнүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG