Ссылки доступа

Семейде ЖЭБдеги өрттөн улам жылуулук берүү азайды


В казахстанском Семее люди остались без отопления из-за пожара на городской ТЭЦ
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Казакстандын Абай облусунун борбору Семей шаарындагы Жылуулук электр борборунда 15-декабарга караган түнү өрт чыгып, калаадагы үйлөргө жылуулук берүү азайды.

"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, өрт бир саатта өчүрүлгөн, бир катар системалар иштен чыккандыктан жабдуулар кол менен иштетилүүдө.

"Теплокоммунэнерго" мамлекеттик ишканасы өрт электр өткөргүчтөр иштебей калганда чыкканын билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги от казандарды көмүр менен камсыздоого аскер кызматкерлери тартылганын кабарлады.

Семейдеги Жылуулук борбору 1934-жылы курулган. 10-декабрда да авария болуп, көп кабаттуу 36 үйдө жылуулук төмөндөп кеткен.

Ноябрдын аягындагы катуу суукта Павлодар облусунун Экибастуз шаарында Жылуулук борборунда ири авария болуп, жүздөгөн үйлөр жана социалдык объектилер жылуулуксуз калган. Калаага 8-декабрга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Көптөгөн үйлөрдө суу жана канализация түтүктөрү тоңуп калган.

XS
SM
MD
LG