Ссылки доступа

Тажик-ооган чек арасында экстремизм шеги менен дагы бир жаран кармалды


Тажик-ооган чек арасына жакын жерде Истаравшан шаарынын 22 жаштагы тургуну кармалды.

Бул тууралуу күч органдары расмий билдирүү жасаган жок, бирок тергөөгө жакын булак "Озоди" радиосуна кабарлагандай, кармалган адам Ооганстанга мыйзамсыз кирип, экстремисттик топторго кошулууга аракет кылган.

Учурда Ромиз Камолов Душанбедеги тергөө абагында, ага карата “кылмыштуу чөйрөнү уюштуруу” жана “экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Май айында Тажикстандын Ички иштер министрлиги Ванж районунун Язгулом айлында 30дан ашуун тургунду кармаган. Бийлик бул боюнча расмий маалымат бере элек, бирок “Озоди” радиосунун өз булагы кармалган 25 адам тыюу салынган “Ансоруллох” уюмуна мүчө жана “Тажикстанда теракт уюштурууга даярданышкан” деп айыпталып жатканын билдирген.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы миң чакырымдан ашык. Дүйшөмбү экстремисттик топтор чек аранын ары жагында башпаанек таап, тажикстандыктарды алардын катарына кошулууга чакырып жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG