Ссылки доступа

Казакстанда эстеликке Z белгисин тарткан адам жети суткага камалды


Казакстандын Караганды облусунун Саран шаарынын соту танк-эстеликке Z белгисин койгон адамды жети суткага камады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Маалыматка караганда, шаар тургуну 29-июлда Экинчи дүйнөлүк согушта талкаланган танктын эстелигине Z белгисин тарткан. Ага “Майда бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сот чечимди чыгарууда шектүү айыбын моюнуна алганын жана өкүнгөнүн айтканын эске алган.

29-июлда Караганды облусунун милициясы Саран шаарынын 54 жаштагы тургуну кармалганын маалымдаган. Бул иш административдик укук бузуу катары каралган. Танктагы символ сырдалып өчүрүлгөнү менен сүрөт социалдык тармактарга тарап кеткен.

Z жана V тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат. Кремль үгүт иштеринде бул символдорду көп колдонот.

Казакстан сөз болуп жаткан символдорго расмий тыюу салган эмес. Бирок буга чейин Казакстанда автоунаалардагы Z белгиси бар айрым айдоочуларга айып пул салынган. Ушундай эле окуялар Кыргызстанда да болгон.

XS
SM
MD
LG