Ссылки доступа

Орусияда башпаанек ала албаган ооган журналисти Кабулга учуп кетти


Кобра Хассани
Кобра Хассани

Орусияда "чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган" деген айып менен эки жылга жатак абагына кесилген ооганстандык журналист Кобра Хассани Ооганстанга учуп кетти. Бул тууралуу "Фонтанка" басылмасы кабарлады.

Буга чейин журналисттер менен адвокаттар Хассани мекенинде түрмөгө камалып, кыйноолорго кабылышы мүмкүн экенин айтып келишкен.

Адвокат Мария Беляеванын айтымында, Хассани Москвадан Кабулга 25-июнда – буга чейинки өкүмгө каршы даттануу боюнча акыркы сот отуруму маалында учуп кеткен.

"Бул жөнүндө Петербургдагы ооган диаспорасынын өкүлдөрүнөн уктук. Хассаниде Албаниядан тарта Германияга чейин көптөгөн варианттар бар болчу. Бирок ал үчүн көптөгөн аракеттер, убакыт жана акча керек эле", – деди Беляева.

Кобра Хассани Ооганстанда түркиялык Anadolu агентиги жана америкалык National Public Radio news радиосу менен кызматташып, ошол эле маалда Afganistan Youth TV балдар телеканалында иштеген. 2021-жылы бийликке талибдер келгенден кийин ал Украинага барып, университетке тапшырган.

Украинада согуш башталгандан кийин Хассани Польша аркылуу Германияга кетүүнү чечкен. Аны Польшага мыйзамдуу жол менен жеткирүүнү убадалаган адамдар алдап, Луганск шаарына, андан ары Орусияга алып барышкан. Ал 2022-жылы майда кармалып, 2024-жылы февралда Петербург соту аны эки жылга жатак абакка кескен. Журналисттин буга чейин камакта отурган мөөнөтү эске алынып, ал сот залынан бошотулган. Январда Орусиянын бийлиги ага башпаанек берүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG