Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу (RFI) билдирди.
Иликтөө көрсөткөндөй, этникалык өлтүрүү Судандын “Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү” тарабынан жасалган. Аны тастыктай турган видеолор бар. Биринде Түндүк Дарфурдагы (Түндүк Судан) фермада эки киши өлүп жатканы тартылган, биринин башы канга боелгон. Кылыч, камчы, Калашников автоматтарын кармаган он чакты адам “Аллаху Акбар” деп кыйкырып жатышат.
Экинчи видео биринчисинен бир чакырым алыстыкта тартылган. Анда чалмачан адамдардын алдында жаткан алты өлүктү көрүүгө болот. Курмандыктардын төртөөнүн колу артына байланган, алардын биринин башына да кан бар.
Бул видеолор өлтүрүү этникалык жаңжалдар менен байланышы бар экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле күнөөлүүлөрдү аныктоого жардам берерин, алар Судандын “Ыкчам аракеттенүү күчтөрү” (RRF) менен байланышы бар араб согушкерлери болушу мүмкүн деп айтылат RFI иликтөөсүндө.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, бир жылдын ичинде жаңжалдын айынан 8 миллионго жакын адамды үй-жайын таштап, он миңдеген адамды өлдү.
Судан армиясы менен "Ыкчам аракеттенүү күчтөрү" тобу ортосундагы уруш былтыр апрелде башталган.
Дарфур аймагында жаңжал этникалык зомбулук менен коштолуп, 2003-жылдан бери жүз миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген.