Ссылки доступа

Финляндияда орус ММКларына каршы топ түзүлөт


Финляндияда Мамлекеттик кеңеш жана ар кайсы министрликтердин өкүлдөрүнөн турган атайын топ түзүлөт. "Интерфакс" агентигинин кабарлоосунда, топ орус ММКларынын маалыматтык чабуулуна каршы туруу жана атайын ыкмаларды иштеп чыгуу максатын көздөйт.

Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы, коопсуздук комитетинин серепчиси Маркку Мантилана орус ММКлары таратылып жаткан карандай калп жана Финляндиянын тарыхын бурмалоо аракеттерине каршылык көргөзүү зарыл.

“Орусиянын ММКлары биздин саясатчылардын сөздөрүн дайым бурмалашат. Мындай кадамдар жөн жерден жасалган жок. ММКлар биздин бийликтердин жана көптөгөн саясатчылардын Европа биримдиги тарабынан киргизилген санкцияларды алып салуу талабын коюп жатышат деп туура эмес маалымат берүүдө. Орусиянын максаты маалымат согушу аркылуу Европа биримдигиндеги ынтымакты бузуу”, - дейт ал.

Орус маалыматтык саясатына каршы топко бир катар аткаминерлер менен бирге Коргоо министрлигинин өкүлдөрү да кирди. Алар жаңы жылдан баштап иш алып барат. Топ мүчөлөрүн Рузвельт жана Гарвард университеттеринин серепчилери даярдашары айтылууда.

.

XS
SM
MD
LG