Ссылки доступа

Кыргызстанда Президент биркатар кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады


Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, Жаныбек Капаров Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Башкы штабды буга чейин жетектеп келген Асанбек Алымкожоев кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Марат Кенжесариев Коопсуздук иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына келди.

Бусурманкул Табалдиев УКМК башчысы кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Анын ордун Абдил Сегизбаев ээледи.Сегизбаев буга чейин УКМКнын орун басары кызматын аркалап келген. Ага чейин 2012-жылы маалыматтык саясат маселелери боюнча президенттин кеңешчиси болгон.

Абдил Сегизбаев буга чейин Атамбаевдин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси болуп иштеп келген. Коомчулукка 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кулатылган туңгуч президент Аскар Акаевдин акыркы маалымат катчысы катары да белгилүү.

XS
SM
MD
LG