Ссылки доступа

АКШнын аскерий-деңиз күчтөр министри Тажикстанга келди


Американын Тажикстандагы элчилиги билдиргендей,АКШнын аскерий-деңиз күчтөр министри Рэй Мабус 7-ноябрда күтүүсүз сапар менен Дүйшөмбүдө болду.

Маалыматка караганда, Мабус кыска мөөнөттүү сапарыныналкагында элчиликтин өкүлдөрү менен жолугушуп, Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоодогу АКШнын аракеттерин талкуулады.

Ал Американын Түштүк, Африкалык, Борбордук жана Европалык командачылыгы жооптуу болгон аймактарды кыдыруунун алкагында Тажикстанга да келип кеткени кабарланды.

XS
SM
MD
LG