Ссылки доступа

Reuters Путиндин кызы тууралуу маалымат анык экенин билдирүүдө


Reuters агенттиги “Газпромбанк” башкармалыгынын төрагасы Андрей Акимов менен баарлашуу жазылып алынганын РБК булагына кабарлаган.

Маалыматка караганда, анда Акимов Катерина Тихонова орус президентинин кенже кызы экенин тастыктаганы сакталуу.

Шейшембиде Reuters агенттиги Катерина Тихонова аттуу жаран Путиндин кичүү кызы экени, ал өмүрлүк жары Кирилл Шамалов менен эки миллиард долларга жакын активдерге ээлик кылары жазылган макаланы жарыялаган болчу.

Орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков менен"Газпромбанктын" жетекчисиАндрей Акимов бул айтылгандарды четке каккан. Песков Путиндин кыздары тууралуу маалымат эч кимге ачык эместигин да кошумчалаган.

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары да орус президентинин кенже кызы Катерина Тихонова деген ысым менен Москва мамлекеттик университетинин базасындагы “Иннопрактика” илимий мекемесин жетектеп жатканын кабарлашкан. Бул маалыматтар расмий түрдө тактала элек.

XS
SM
MD
LG