Ссылки доступа

Кыргызстандын Ош шаарында адам аткезчилигине шектелген жаран кармалды


Kyrgyzstan -- A view from Suleiman Mountain on the mosque, Osh City center, 26Oct2011
Kyrgyzstan -- A view from Suleiman Mountain on the mosque, Osh City center, 26Oct2011

Бул тууралуу ИИМдин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгы кабарлады.

7-ноябрь күнү калаанын 40 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, анын жездесин белгисиз бирөөлөрбарымтага алып, 2 миң доллар сурап жатканын билдирген. Кылмышкерлер кошумча Honda Fit унаасын да алууну көздөгөн.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында бул кылмышка шектелип Ош шаарында жашаган Сузак районунун 23 жаштагы тургуну колго түштү. Ал акчага муктаж болуп калганы үчүн ушундай ишке барганын айтууда.

Кармалган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Кылмыш иш козголуп, иликтөө уланууда.

XS
SM
MD
LG