Ссылки доступа

Кыргызстанда 1916-жылкы окуяны кыргын же геноцид деп атоо сунушталды


Мындай демилге 1916-жылкы окуяныиликтеп келе жаткан коомдук комиссиянын Бишкекте өткөн илимий-практикалык конференцияда көтөрүлдү.

Иш-чараны уюштурган бул комиссиянын мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун "Азаттыкка" айтымында, конференцияга президенттин жарлыгы менен түзүлгөн атайын топтогу тарыхчылар да катышты.

Абылов 1916-жылдагы окуяны үркүн деп атоо туура эмес, себеби бул сөз малга карата колдонулат. "Адам үркпөйт, кырылат, кемсинтилет, жок кылынат, андыктан болгонун болгондой айтыш керек" дейт:

- Чындыгында, тарыхчыларга көп ишенбей турабыз. Орустардын ачуусуна тийбеш үчүн эптеп жымсалдап 100 жылдык деп өткөрүп коюшабы деп. Коркуп жүрө беребизби? Тарыхта бул окуя болгонун айтып, мектептеги балдарга кыргыздын башынан ушундай окуя өткөн, кырылган, тукум курутка учураган деген сөздөрдү айтышыбыз керек. Ушул багытта иштеп жатабыз.

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында быйыл 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген топ түзүлгөн. Анда "кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү" сунушталган. Жарлыкка удаа айрым оппозициялык саясатчылар, коомдук ишмерлер өзүнчө коомдук комиссия түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG